Чүйдө ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын октябрь айында райондук милицияга Д.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле жылдын май айында Т.Р. аттуу жаранга KIA Morning үлгүсүндөгү унаасын KIA K7 үлгүсүндөгү унаага алмашууга макулдук берип, үстүнө 2 миң 500 доллар акча берген.
Бирок үстүдө аты аталган жаран ар кандай шылтоо менен унаасын жана акчасын бербей качып жүргөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-мартта 35 жаштагы Т.Р. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.