Бишкекте башка унаага тоскоолдук жаратып, анын айдоочусун сөгүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесине аталган окуянын видеосу тараган.
Маалым болгондой, окуянын негизинде жол тескөөчүлөр 1996-жылы туулган, Фольксваген Гольф–3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Р.Н. аттуу жаранды аныкташты. Ага карата Октябрь райондук милициясы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык кылмыш ишин козгоп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жаран кызды сөккөндүгүн моюндап, айдоочунун аял киши экенин билбей калганын белгиледи.