Интернет желесине Кара-Көл шаарындагы үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу тарады.
Жол тескөөчүлөр оор жүк ташуучу унааны кубалап келе жатканда, ал жеңил унаа менен сүзүшкөнүн билдиришти күбөлөр. Кырсыкта жеңил унаадагы бир жаран жеринде каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилгени айтылды.
Тараган тасмадан жеңил унаанын бир капталынын жоктугун, ал эми жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Азырынча каргалашуу окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.