Биз социалдык тармакта

Стамбулда кыргызстандык режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлөт

24–26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан "Atlas" кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чара кыргыз кинематографиясын эл аралык деңгээлде таанытуу, маданий кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк көрүүчүлөрүн заманбап кыргыз кино өнөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулууда.
"Кыргыз кино күндөрүнүн алкагында белгилүү кыргыз режиссёрлорунун көркөм тасмалары көрсөтүлөт. Атап айтканда, режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары", режиссёр Дастан Жапар уулунун "Качкын", ошондой эле режиссёр Руслан Акундун "Бейиш 2" аттуу тасмалары көрүүчүлөргө сунушталат. Кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз кино өнөрүн чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп саналат", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан