Биз социалдык тармакта

Казакстанда Конституция боюнча референдум өттү

Казакстанда 15-мартта жаңы Конституция боюнча референдум өттү.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык, саат 20:00гө карата өлкө боюнча 9 126 850 жаран добуш берген. Бул шайлоочулардын 73,24 пайызын түзөт.

Эң жогорку активдүүлүк Кызылорда облусунда, тактап айтканда, 93,04 пайыз болду. Ал эми Астанада 60,36 пайыз шайлоочу өнөктүккө катышса, Шымкентте бул көрсөткүч 75,82 пайызды түздү. Эң төмөнкү көрсөткүч Алматыда катталды. Анда 33,4 пайыз шайлоочу референдумга катышкан.

Референдумдун жыйынтыгы БШК тарабынан 21-мартка чейин жарыяланат.

Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөнүн жаңы Баш мыйзамынын 84 пайызына өзгөртүүлөр кирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан