Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 400 метрди түзгөн эски кытайлык балык уулоочу тор чыгарылды.
"Аталган мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар көлдүн экосистемине олуттуу зыян келтирип, балык ресурстарынын азайышына алып келет. Ушуга байланыштуу инспекторлор тарабынан мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет",- деп айтылат маалыматта.