Орусиянын Москва шаарындагы жол кырсыгынан 6 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-мартта шаардын Калуга шоссесинин 45-чакырымында экскурсиялык автобус жана Volkswagen кичи автобусунун катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кичи автобустагы жүргүнчүлөрдүн арасында кыргызстандыктар да болгон.
Алар жол кырсыгынын кесепетинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилишкен. Кыргыз жарандарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Министрлик маселе өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.