
Токмок шаарында жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-мартта алар жашаган батирде болгон. Анда шектүү жарандык жолдошун пикир келишпестиктен улам бычак менен көкүрөккө сайып салган. 45 жаштагы эркек ошол жерде көз жумган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Маркум Токмок шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилген. Тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.