Ошто милиция кызматкерлери далилдерди бурмалоого шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2022-жылы болгон жол кырсыгын жашыруу аракеттерин жасашкан. Ал жылы Кара-Суу районунда 9 жаштагы бала жол кырсыгынан каза болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү (Далилдерди бурмалоо) менен кылмыш иши козголгон. Араван райондук милициясынын тергөөчүсү, Алай райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору кармалышып, сот тарабынан 2 айга камакка алынышты. Учурда шектүү тергөөчү ден соолугуна байланыштуу күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда ооруканада дарыланууда. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.