Бишкек шаарында 17-19-март күндөрү жолду оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин проспектиси менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
• Кесилиш толугу менен жабылат.
• Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат.
• Чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт.
Шаар тургундарына жана конокторго жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылуу сунушталат.