Бишкекте “START WAVE – 2026” студенттик стартап-хакатону болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара студенттерге инновациялык идеяларын сунуштап, ишкерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн берди.
Катышуучулар IT, билим берүү, технология жана социалдык инновациялар жаатындагы идеяларын сунуштап, MVP-моделдерин түзүп, эксперттик жюриге презентация жасашты.
Хакатондун максаты — студенттердин инновациялык жана ишкерлик потенциалын өнүктүрүү, университетте стартап маданиятын калыптандыруу жана студенттик идеяларды реалдуу долбоорлорго айландыруу.