Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Дордой” базарынын инфратүзүмүн жакшыртуу планы талкууланды

Бүгүн, 16-март күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуп, базардын ичиндеги инфратүзүмдү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда соодагерлер, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү демилгелери талкууланган.
Жакшыртуу иштеринин планына төмөнкүлөр кирет:
• Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу
• Аймакты көрктөндүрүү, анын ичинде көлмөнүн айланасын тосуп, сейилдөө үчүн жөө жүрүүчү аймак түзүү
• Бардык унаа токтотуучу жайларды муниципалитеттин балансына өткөрүү жана төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүү системасын киргизүү
“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков белгилегендей, жол куруу иштери 1-апрелден башталат.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Свердлов райондук администрациясына, Муниципалдык мүлк башкармалыгына жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына бардык даярдык иштерин, анын ичинде тоскоолдук жараткан объекттерди демонтаждоону толук аяктоо тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан