Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде 70-сессиянын алкагында “Жаш аялдар – өзгөрүүлөрдүн лидерлери” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, панелдик талкуу “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” жана “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” резолюцияларын ишке ашырууга арналган.
Иш-чарага БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык коом жана жаш лидерлер катышты. Кыргыз Республикасы улуттук иш-аракеттер планынын тажрыйбасын тааныштырып, аялдардын жана жаштардын лидерлигин бекемдөө, чыр-чатактарды алдын алуу жана тынчтык курууга катышуусун кеңейтүүгө багытталган иштерди баяндады.
Катышуучулар жаш аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдоону жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоону маанилүү деп баалашты.