29-мартта саат 20:30да Кыргызстандагы шаар тургундары 1 саатка жарыкты өчүрүп, «Жердин сааты» аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акцияга катышышат.
"Юнисон" коомдук фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан бул акцияга биринчи жолу катышып жатат.
"Акциянын негизи максаты - 1 саатка жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү менен климаттын өзгөрүү көйгөйү жана адамзаттын энергия менен биригип баратканын стимулдаштырууга аракет жасоо. Кыргызстандан акцияга канча киши катышарын азырынча так айта албайбыз. Анткени дагы деле даярдык иштери жүрүп жатат. Негизинен бул иш-чарага Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларынын тургундары катышат",- дешет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде (Австралия) Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Бир жылдан кийин эле бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. Ал эми 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан.