Бүгүн, 27-мартта орун алган суроо-жооп жараянынын алкагында ИИМдин издөө бөлүмүнүн башчысы Максат Абдыкулов “Бишкекте киши өлтүргүч жүрөт” деген маалыматтын басымдуу бөлүгүн студенттер таратып жатышканын билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурда интернетте Бишкекте киши өлтүргүчтүн пайда болгону жана анын кыздарды уурдап, зордуктап, анан өлтүрүп кетип жатканы тууралуу айтылгандар - жөн гана такталбаган маалыматтар. “Шаар тургундары тынчсызданбай эле коюшса болот. Булардын басымдуу бөлүгүн студенттер таратып жатканына ынандык. Жакын арада туура эмес маалымат тараткандарды табабыз”,- дейт ал.