Олег Клочко Beeline компаниясынын башкы директору: "Ийгиликке жетүү үчүн максат коюп, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга даяр болуу керек"

Ийгилик — кайсы бир ишти баштап, аягына чыгаруу, койгон максаттарына жетүү. Ишмердүүлүктөгү оң натыйжалар алып келген бедел, коомчулуктун мактоосуна татыктуу болуу. Ийгиликти жаратуу ар бир адамдын колунан келет, бирок убакытты жана мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануудан көп нерсе көз каранды. Кыргызстандын байланыш операторлорунун ичиндеги лидерлердин бири - Beeline уюлдук оператору. Өлкөнүн бардык аймактарын биринчилерден болуп байланыштырган Beeline бүгүнкү күндө бийик деңгээлин сактап келүүдө. Мында жетекчинин салымы чоң. Бул жолу Beeline уюлдук операторунун башкы директору Олег Клочко ийгилигинин сыры менен бөлүштү.

Туулган жылы, күнү – 1969-жыл, 2-декабрь.

Туулган жери – Орусия Федерациясы, Москва облусу.

Билими – Москва энергетикалык институту.

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Учурда – Beeline уюлдук операторунун башкы директору.

“АТА-ЭНЕМ БАЛА ЧАКТАН ЭЛЕ ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛУУГА ҮЙРӨТТҮ”

- Менин бала чагым советтик доорго туш келген. Баарында алгач октябрят, пионер, анан комсомол болуш керек деген түшүнүк бар болгон. Негизинен комсомолдор катарына институтка тапшыруу үчүн барышчу. Бул тепкичтерди баспай туруп окууга тапшыргандар үчүн маселе жаралып калышы ыктымал эле. Ата-энем мени өз алдынча болууга бала кезимден үйрөтүшкөн. Мындан улам үйүбүздөн бир кыйла алыс жайгашкан мектепке жалгыз барып окуп келчүмүн. Жалгыз жүргөндө жол тандап, эмне кылуу керектигин анализдеп каласың.

Мектепте классташтарымдан жана теңтуштарымдан айырмаланып турчумун десем болот. Ал учурда окуучулар эки топко – жакшы окуган, ар дайым таза кийинип, башкаларга үлгү болгон мыктылар жана начар окугандар деп бөлүнүп калчу. Мектеп жакшы болгондуктан, “2” деген баага окугандар дээрлик жок болчу, бирок экинчи топтогулар ар дайым өзгөчөлөнгөн иш-чараларды уюштурушуп, элди кызыктыруудан рахат алышчу. Мен болсо айтылган эки топтун ортосунда жүрүп, жакшы да окугам, ошол эле учурда ар кандай акцияларга да катышчумун.

Жаштайымдан эле коомго кызмат кылууну максат кылгам. Чынын айтсам, кайсы бир өнөр жайда иштеп, өзүмдү катардагы кызматкер катары элестете алчу эмесмин. Өлкөмө, элиме кызмат кылып, өзгөчө чыгармачыл нерселерди сунуштап, кошумча пайда алып келсем деген кыялым бар эле.

“СҮТ КОМБИНАТЫНДА ТЕМИР УСТА БОЛУП ИШТЕГЕМ”

- Менин курсташтарым ата-энесинин эсебинен жашап жүрүшкөндө, мен өзүмдү өзүм камсыздоого аракеттенер элем. Студенттик жылдарда эмне менен гана алектенген жокмун. Окууну аяктаганга чейин иштеп, дем алыш күндөрү да жумушка барчумун. Студенттик күндөрүмдү кечелер, жатаканадагы окуялар менен эсте калды деп айта албайм. Бир эле жолу жатаканага китеп үчүн барганым болбосо, негизи, жашоого олуттуу көз караш менен карап, иштегем. Спортко бардым, анан 2-курстан кийин армияга барып, аскердик милдетимди өтөп келгем. Аскерден дүйнөгө болгон көз карашың өзгөрүп келет эмессиңби, келген соң окуп да, иштеп да жүрдүм. Ошол учурда жумуш издей баштагам. Албетте, эч кандай тажрыйбам жок болгондуктан, каалаган кесипти тандоого мүмкүн эмес эле. Ошентип, Москвадагы белгилүү сүт комбинатында темир уста болуп иштей баштадым. Алгач тажрыйбалуу кесиптештериме жардам берип жүргөм. Муну жашоомдун маанилүү барактарынын бири деп эсептейм, анткени ошол учурда эл менен кызматташууга үйрөнүп, керектүү билим жана көндүмдөргө ээ болгом.

“9 ЖЫЛДА САТУУЧУДАН КОММЕРЦИЯЛЫК ДИРЕКТОРГО ЧЕЙИН”

- Институтту аяктаганда илимий изилдөөлөр менен алектенүү үчүн аспирантурага тапшырууга сунушташкан эле. Мен көп ойлонбой эле жеке ишкерлик тармагын артык көрүп, илимий багыттан баш тарткам. Бир топ жеке ишканаларда тейлөө жана буюмдарды сатуу боюнча кызматкер болуп иштеп келгем.

Эң алгач Орусияда өлчөөчү приборлорду саткан австриялык “Шлюмберже” өкүлчүлүгүндө сатуучу катары иштей баштагам. Жалпысынан бул ишканада үч жыл иштедим. Андан соң Орусияга телекоммуникациялык жабдууларды алып келип, сатуу менен алектенген чет өлкөлүк “Эрикссон” өкүлчүлүгүнө өткөм. Бул жерде да үч жыл иштеп, уюлдук операторлордун иши менен жакындан тааныша баштагам. Мындан тышкары сатуучулуктан мен кардарлар менен кандай иштешүү керек, келишимдерди кантип туура түзүү зарыл, буюмдарды кантип туура жарнамалаш керек деген сыяктуу жеке ишкерликтин негизги ыкмаларын үйрөнүп, баа жеткис тажрыйба алдым.

Ал эми менин жашоомдогу эң маанилүү убак жөнөкөй сатуучудан башчы кызматына чейин карьералык өсүшкө жетише алган “Мегафон” уюлдук операторунда болгон. 2001-жылы “Мегафон” долбоору ишке кире баштаган. Бул учур менин ишканага келишиме дал келип калган. 9 жылдын аралыгында мен жөнөкөй сатуучу кызматкеринен коммерциялык башчы кызматына чейин өскөм.

2010-2012-жылдары чай жана кофе өндүрүүчү дүйнөлүк ири “Май” компаниясынын маркетинг стратегиясы боюнча директору болуп иштедим.

Кайсы жерде иштесем да, менин өсүүгө жана өнүгүүгө каалоом зор. Бул каалоо эмгекчилдик, тырышчаактык жана ишти аягына чейин жеткирүү менен бекемделген. Адам жаңылып, өз каталарынан сабак алып гана өнүгө алат эмеспи. Ошондуктан адам сыноодон коркпой, ар дайым өнүгүш керек.

“КЫРГЫЗ ЭЛИ АК КӨҢҮЛ, БООРУКЕР, БИРОК КЕСИПКӨЙ АДИСТЕРДИН АЗДЫГЫ ӨКҮНДҮРӨТ”

- 2012-жылдан тарта Кыргызстандагы Beeline уюлдук операторунун башкы директору кызматында иштеп жатам. Эки жылдын ичинде өлкөнүн калкы, анын маданияты, каада-салттары жана көз караштары менен тааныштым. Кыргызстандыктардын ак көңүл, боорукер, ак ниеттүүлүгү мага абдан жакты. Бирок өлкөнүн рыногунда кесипкөй кадрлардын аздыгы өкүндүрөт. Анткени керектүү ишти так аткара алган кызматкерлерди табуу өтө оор болууда. Маселен, Орусияда мындай көйгөй жок. Башында Beeline`га келгенде иштин жүрүшү жай болуп, чечим кабыл алуу узак убакытка созулуп, пландар өз убагында аткарылбай жаткан. Ал эми азыркы учурда жумуш аткарылышы тездеп, иш ыргагы Москвадагыга теңелип калды. Бул мени сүйүндүрөт.

“18 ЖАШЫМДА ҮЙЛӨНҮП, 3 БАЛАНЫН АТАСЫ БОЛДУМ"

- 3 балам бар. Тун уулум жана кызым Москвада, кенжем мени менен Бишкекте жашайт. Ал 9 жашта. Мен ага көп убакыт бөлүүгө аракет кылам, бирок айрым учурларда жумуштун айынан аны менен убакыт өткөрүүгө жетишпей калам.

Улуу уулум Бельгияда жогорку билим алып, Москвада иштеп жатат. Ал эми кызым орто мектептин окуучусу. Мен 18 жашымда, абдан эрте үйлөнгөм. Азыр сүйүктүү балдарыма билим берүүгө жана аларды ар тараптан колдоого мүмкүнчүлүктөрүм бар. Beeline`да эң сонун жумуш ордум, бирдиктүү командам, кесипкөй жамаатым бар. Биздин компаниябыз көрүнөрлүк өнүгүп, өсүп келе жатат. Бакыт үчүн менде бардыгы бар, ошондуктан мен өзүмдү баймын деп эсептейм.

“САЯКАТТООНУ ЖАҢЫ СЕЗИМДЕРДИ АЛГАНЫМ ҮЧҮН ЖАКШЫ КӨРӨМ”

- Саякаттоону баары эле жакшы көрөт эмеспи. Мен башка өлкөлөргө саякатка барууну жаңы көп нерселерди билип жана жаңы сезимдери алганым үчүн жакшы көрөм. Мен үчүн саякаттын максаты өтө маанилүү. Адам бир эле жерге ар жолу башка максаттары, башка компания менен барса, ал ар түрдүү сезимдерге ээ болот. Мисалы, мен Испаниянын Барселона шаарына көп жолу баргам. Ал жактан бир нече жолу “Формула-1” жарышын көрүп келгем жана иш сапарым менен да баргам. Максаттарым ар кандай болгондуктан, ар кандай сезимдерге туш болгом. Шаар да мага ар кандай көрүнгөн. Ошондуктан мен саякаттаганда көп жерлерди көрүү эмес, көп сезимдерди алуу деген максатты көздөйм.

“КАРДАР АНЫ ТЕЙЛЕГЕН КЫЗМАТКЕРДИ МАКТАСА, ДЕМЕК, КЫЗМАТКЕР ӨЗ ИШИНЕ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛДЫ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

- Ар бир иште чыгармачыл мамиле маанилүү. Чыгармачылык адам өз акылын пайдаланып, стандарттуу эрежелерден жана тартиптен четтегенде жаралат. Мисалы, Beeline сатуу жана тейлөө кеңсесинде кардар кызматкерге кандай бир маселеси менен кайрылса, ал көйгөйдү чечүү үчүн процедуралардын жоктугуна карабай жоопкерчиликти өз мойнуна алып, кардардын маселесин туура чечип, канааттандыра алса, мен муну чыгармачылык деп эсептейм. Кардар ыраазы болуп кайтат. Эгер кызматкер жумушун чыгармачылыксыз аткарса, аны кадимки эле робот десе болот.

ИЙГИЛИК СЫРЫ

- Ийгиликтин кандайдыр бир сыйкырдуу таякчасы же сыры бар деп айта албайм. Ийгиликке жетүү үчүн эч качан токтобой, ар дайым алдыга карай умтулуш керек. Өсүү, өнүгүүнү каалоо, ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүү, окуу - адамдын жашоодо жетишкендиктерге ээ болуусунун эң башкы себеби.

Ар бир ишканада кызматкерлер үч түргө бөлүнөт: биринчилер – мүмкүнчүлүктөрү жана каалоолору бар, экинчилер – каалоолору бар, бирок мүмкүнчүлүктөрү жок, үчүнчүлөр – мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок каалоолору жок. Биринчи жана экинчи топ өз ишинде ийгиликтерге жетишет, анткени алардын алдыга койгон максаты бар. Ал эми эч нерсени каалабаган адамдар эч качан өнүкпөйт. Ошондуктан мен жаштарга “алдыңарга максат коюп, ага жетүүгө тынбай аракеттенгиле” деп айтар элем.

Олег Клочко: "Ийгиликке жетүүдө максат коюп, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
atakyzy
2014-05-12 02:04:05
Эн туура! Ар бир адам алдына максат кылуусу керек.
+1
Milashka-92
2014-06-20 14:10:09
билайн 2014 жакшы иштебейтат
-1
Ayperi94
2015-08-14 14:15:18
Уй-булолук бакыт жана дагы да ийгилик ишинизге!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан