Баткен. Сүлүктү шаарында жаңы балдар бакчасы ачылат

Жыл башында Сүлүктү шаарындагы Бөкөнбаев айылындагы №8-мектептин бош турган имаратын оңдоп-түзөө жолу менен 60 орундуу балдар бакчасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу аталган шаардын вице-мэри Рахат Амирова билдирди. Аталган имаратты оңдоого 1 миллион 172 миң 121 сом каралып, ага жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнөт. "Бүгүнку күндө 150 миң сом бөлүнүп, иш кызуу жүрүп жатат. Бош турган имараттарды балдар бакчасына айландыруу менен билим берүүдө көйгөй болуп келген мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун маселелери кыйла жеңилдейт",- дейт Амирова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан