Бүгүн, 23-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Беларусь өлкөсүнөн алынып келинген 225 трактордун 121ин дыйкандарга тапшырды. “Өкмөт биздин дыйкандардын ишин жакшыртуу үчүн бардык иштерди жасайт. Түркиянын Кыргызстанга берген жеңилдетилген кредитинин эсебинен 235 миллион сомго 225 керектүү техникалардын биринчи партиясы алынып келинди. Учурдан пайдаланып Түркия мамлекетинин өкмөтүнө өзүмдүн жана Кыргызстандын президентинин атынан ыраазычылык билдирем. Алган техникаларыңыздар байсалдуу болсун!”- деди Жантөрө Сатыбалиев. Мындан сырткары Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан лизингдик түрдө трактор алуу иштери башталып жазгы талаа иштерине 121 жаңы айыл чарба техникаларын алууну сүйлөшүп жатканын жана 2013-жылдын аягына чейин лизингдик түрдө 1 миллиард сомго 1 миң айыл чарба шаймандары берилерин кошумчалады өкмөт башчы.