Талас. Мектептерде өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

22-январда Талас шаарында өрт кырсыгына байланыштуу семинар болуп өттү. Семинарга Талас облусундагы 112 мектептин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, облустук өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара өлкөдөгү мектептерде болгон өрт кырсыктарынын көбөйүп кетишине байланыштуу уюштурулду. Бул туурасында бизге Талас облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Тилек Рысбеков билдирди. “Семинарда мектептердеги өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча окуучулар арасында атайын сабак, лекцияларды өткөрүү, жаш балдардын өрткө каршы кошуундарын түзүү жана ошондой эле мектептердеги өрт коопсуздугуна жооптуу кызматкерлердин милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берилди”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан