Баткендин Бөжөй айылында мезгилсиз төрөтү башталган аялды ӨКМ тик учагы менен төрөтканага жеткирди

Баткендеги чек ара окуясынан улам район борбору менен байланышсыз калган Бөжөй айылындагы 25 жаштагы келиндин мезгилсиз төрөтү башталгандыгына байланыштуу ӨКМ тик учак менен Ош шаардык ооруканасына жеткирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлүнүн шашылыш чакыруусунан улам ӨКМнын кызматкерлери Бөжөй айылынында боюнан түшүү коркунучу бар келинди ооруканага жеткирүү үчүн тик учак менен барышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан