Жалал-Абад облустук соту 2010-жылдагы “Санпа” окуясынын күнөөкөрлөрүнө карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин 150 миң сомдук айып пулга алмаштырды. Буга ылайык аталган окуя боюнча шектүү жаран Шамшидин Ниязалиевге эми 150 миң сомдук айып пул төлөө чечими чыкты. Аталган жаранга Сузак райондук соту өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасы маалымдады. Кылмышка шектүү Ниязалиев массалык киши өлтүрүү беренеси боюнча айыпталып жатат. Эскерте кетсек, 2010-жылдагы Жалал-Абад шаарындагы улуттар аралык жаңжалда "Санпа" ишканасынын жанынан 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон.