Өткөн суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Баткенде 2, Ысык-Көл облусунда 1 жана Ош облусунда 1 өрт кырсыгы болду. Ал эми Бишкек шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйдөн чыккан өрт кырсыгынан 2 адам каза болду.