Тоң районунда жааган мөндүр кылкандуу дан эгиндерине зыян алып келди

Тоң районунда жааган мөндүр кылкандуу дан эгиндерине зыян алып келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында аталган райондун Ак-Терек жана Көл-Төр айыл аймактарында мөндүр аралаш жамгыр жаап өткөн. Анын кесепетинен Калкагар айылында 60 гектар арпа, Дөң-Талаа айылында 40 гектар арпа, Ала-Баш-Четинди айылында 30 гектар буудай, 120 гектар арпа Көл-Төр айылында 4,5 гектар будай, 17 гектар арпа, Коңур-Өлөң айылында 66 гектар арпа, 5 гектар буудай зыянга учураган. Учурда Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан