"Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча сот иши кийинки аптага жылдырылды

"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча сот иши кийинки аптага, тактап айтканда, 31-январь жана 1-февралга жылдырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 25-январда чыгарды. Айта кетсек, жактоочулар бул иш боюнча кошумча күбө катары Башкы прокурор Аида Салянованы сотко чакырууну сунушташкан. Ал эми айыпталуучу депутат Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселеси каралып жаткан ЖКнын бүгүнкү жыйынына катыштыруу өтүнүчү орундалган жок. Сотко төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкулов депутатты жыйынга катыштырууга макулдук берүүгө укугу жоктугун билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан