Кыргызстанда 2012-жылы 23 аскер кызматкери каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда өткөн маалымат жыйында “Солдатские матери” коомдук бирикмесинин өкүлү Галина Афонина билдирди. “Өткөн жылы 19 чек ара кызматкери, Юстиция департаментинде 2 жана Коргоо министрлигинде 2 кызматкер каза болгон”,- деди Афонина. Ал ошондой эле өзүн-өзү өлтүрүү окуясын толук иликтеп чыгуу керектигин белгилеп, аскердик турмушта “дедовщина” улам өсүп жаткандыгын билдирди.