"Айыпталуучулар темир тордо эмес, жактоочунун жанында отурушу керек. Бул эл аралык мыйзамда кабыл алынган жобо" деди укук коргоочу Азиза Абдрасулова. Ал бул пикирди бүгүн, 25-январда Биринчи Май райондук сотунда "ата журтчу" 3 депутаттын сот иши учурунда айтты. “Бул эл аралык жобо, сот процессинде колдонулуп келе жаткан ыкма. Депутаттар коркунучтуу кылмыш жасаган адамдар эмес, алар жактоочулар менен сүйлөшүп, кеңешип олтурушу керек”,- деди укук коргоочу. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкулов бул сунушту 31-январдагы өтүүчү сот ишине чейин ачык калтырды.