Жогорку Кеңеш "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчётун колдоду. Мындай чечим бүгүн, 25-январда ЖКда аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоонун жыйынтыгында кабыл алынды. Депутаттар бул алтын кенине карата канадалык компания менен келишим түзүүгө катышкан аткаминерлерди жана мурунку депутаттарды жоопко тартуу маселесин кароону Башкы прокуратурага сунушташты. Эл өкүлдөрү мамлекеттик комиссия өзүнүн корутундусун Жогорку Кеңештин алдыдагы жыйындарына алып чыгуусу керектигин да айтышты.