Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлору каралууда
Жогорку Кеңеште бүгүн, 2-октябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда. Экономика министри Темир Сариев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Көпчүлүк депутаттар "Биримдикке киргени менен, Кыргызстан кайсы продукциясын экспорттойт, өзүбүздөн арткан эмне бар?" деп сурашууда. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев картошка, эт, жашылча-жемиштер экспорттоло турганын айтты. "Быйыл сентябрга чейин 194 миң тонна жашылча-жемиш экспорттолду. Бир күндө 1-1,5 миң тонна продукция экспорттолууда, ушуларды анализ кылып жатабыз",- деп билдирди министр.