Кыргызстанда бензиндин арзандашы же кымбатташына Бажы биримдигинин тиешеси болбойт

Кыргызстанда бензиндин арзандашы же кымбатташына Бажы биримдигинин тиешеси болбойт. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, күйүүчү майлардын баасы дүйнөлүк рынокко көз каранды бойдон калат. Бирок бир катар чектөөлөр алынат. "Мисалы, учурда Казакстандан бензин ала албай жатабыз, биримдикке кирсек бул чектөө алынат. Орусиядан күйүүчү майдын ташылып жатышы эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жемиши болууда. Биримдикке киргенден кийин өлкөдө бензиндин баасы канча болорун айтуу кыйын. Дүйнөлүк рынокто баа көтөрүлсө, бизде да көтөрүлөт, түшсө түшөт",- деди министр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан