Жоомарт Оторбаев JICA менен "Манас" аэропортунун жабдууларын жакшыртуу маселесин талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-октябрда Япон Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Хидзаки Домичи менен жолугушту. Жолугушууда премьер-министр Хидзаки Домичиге Кыргызстандагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана JICA Эл аралык кызматташуусу өнүгүү көрсөткүчүнө ээ болуп жатканын айтты. Тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча учурдагы абалды, тактап айтканда, Ош-Баткен-Исфана жолун реабилитациялоо жана “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртуу маселесин талкуулашты. Өкмөт башчы “Манас" Эл аралык аэропорту жана "Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы үчүн атайын авиациялык жабдууну жана техниканы ташуу боюнча долбоорду жактыруу боюнча өкмөттүн буйрук долбоору өкмөттө макулдашуу процедурасынан өтүп жатканын маалымдады. Мындан тышкары тараптар JICA тараптан Кыргызстанга шайлоо процессине жаңы технологияларды, тактап айтканда, добуштарды электрондук эсептөө жана шайлоочуларды идентификациялоо тутумун киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү маселесин козгоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан