Бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бишкектин Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинде болду. Иш-чарада өлкө башчы аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү жана пландары менен таанышып чыкты. Андан соң иш-чаранын катышуучуларына жана журналисттерге кайрылып буларды айтты:
“Айылдарда миң кою бар жарандардын айрымдары Социалдык фондго айына 3,5 сом эле төлөп, 5 миң сом пенсия талап кылышат. Бул туура эмес. Социалдык фонд президенттики эмес. Биз мурдагыдай бир үй-бүлөнү бакпайбыз. Социалдык фонд биздин карылардын пенсиялары үчүн иштейт”.
“Кыргызстанда бир жыл ичинде унаалардын саны 1,5 эсеге өстү деп окудум. Пенсиялар жана маяналар 1,5 эсеге жогоруласа жакшы болмок. Эгер жаңы ишканаларды иштете баштасак, элге жеңилирээк болот. Анткени пенсиялар жана айлыктар өсөт”,- деп кошумчалады президент.