Кечээ, 6-октябрь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында жаздык чыгаруучу цехте өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгынын кесепетинен 200 килограмм синтепон, 3 эшик, 1 терезе күйгөн. Бир саат аралыгында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.