Тайырбек Сарпашев: "Араб координациялык тобу 20дан ашуун инвестициялык долбоорлорду карап чыгат"
7-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги астында быйыл 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү Бишкекте өтүүчү Араб координациялык тобунун II тегерек столун өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Форумда Кыргызстан араб өлкөлөрүнүн инвесторлорунун кароосун сунуштаган энергетика, саламаттык сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм, курулуш жана билим берүү жаатындагы бир катар долбоорлор каралат. Мисалы, тамчылатып сугарууну кеңейтүү, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ош облустарындагы ирригациялык каналдарды куруу жана реконструкциялоо. Тайырбек Сарпашев жалпысынан мамлекеттик органдардан 20дан ашуун инвестициялык долбоор келип түшкөнүн айтты. “Англис тилиндеги бардык долбоорлор араб тарапка берилет. Алар боюнча предметтик талкуу үстүбүздөгү айдын соңунда өтүүчү инвестициялык форумдун жүрүшүндө өтөт. Негизги көңүл экономикабыздын келечектүү багыттары болуп эсептелген айыл чарбага инвестиция тартууга бурулат”,- деди ал. Кеңешменин соңунда биринчи вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын инвестициялык долбоорлор менен иштөөдөгү пассивдүүлүгүн белгиледи. “Мындай жүрүш менен силер инвесторлорду кызыктыра албайсыңар. Мамилени толугу менен өзгөртүү керек. Биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүгүнө кызыккан инвесторлор абдан көп, бирок алардын демилгеси мамлекеттик органдар тараптан жасалган көңүлкош мамиледен соң начарлап калууда",- деди Сарпашев.