Бөдөш Мамырова Алтынбек Максүтовду 5 маданият өкүлүнүн дүйнөдөн өтүп кетишине күнөөлөдү

Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовду катуу сындап чыкты. Мамырова талапкерди айрым маданият өкүлдөрүнүн дүйнөдөн өтүп кетишине күнөөлөдү. Быйыл маданиятты жоктоп Өкмөт үйүнө өкүрүп барган маданият ишмерлеринин жоругун "жамандыктын жышааны" деп атаган депутат талапкер Максүтовго буларды айтты: "Ошол өкүрүп баргандардын ичинде сиз да бар болчусуз. Силер алдын ала жоктоп өкүргөнсүңөр, мындан кийин 5 маданият кызматкери дүйнөдөн өтүп кетишти. Алардын өлүмүнө маданиятты жоктоп өкүргөн сиздин да "салымыңыз" бар!" 
Жыйында "Маданиятка өкүрүк" акциясы талкууга алынган негизги темага айланды.  
Аталган акцияны эске салган депутат Исмаил Исаков маданият министрлигине талапкерге "Маданият өлдү" деп өкүрүп бардыңыз эле. Айтыңызчы, өлгөндү кайра тирилтүүгө болобу?" деп суроо берди. Максүтов "өлгөн маданиятты тирилтүүгө болот" деп жооп берди.
Депутат Ташполот Балтабаев талапкерден "Маданият өлдү" деп өкүрдүңүз эле. Маданият чын эле өлгөнүнүн 5 себебин атап бериңизчи?" деп сурады. Максүтов "бул өкүрүк маданиятка тийиштүү көңүл бурулбай калганын эскерткен сигнал болчу" деп жооп узатты.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан