Президент Алмазбек Атамбаев КРнын милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу милиция кызматкерлери жана ардагерлери! Бардыгыңыздарды кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз милициясы кылымга тете даңктуу жолду басып өттү. Таржымалында далай сыймыктуу барактар жазылды. Милиция кызматкерлери ар дайым тартиптин, мыйзамдын сакчылыгында. Элибиздин тынчтыгын жана өмүрүн коргоо, мыйзамды жана тартипти бузгандар менен күрөшүү боюнча сиздерге зор милдет тагылган. Тилекке каршы, коомдо тартип сакчыларынын кызматкерлерине карата көп дооматтар коюлуп жатат. Кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүүчү органга коррупция аралашып, криминал менен коюн-колтук алышуу көрүнүштөрү катталууда. Ошондуктан бүгүнкү күндө укук коргоо органдары тазаланууга жана жаңыланууга муктаж. Милициянын коомчулук жана эл менен болгон байланышын бекемдеп, анын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү - биздин милдетибиз. Бийликтин өкүлү катары милиция кызматкерлеринин жүрүм-турумуна жараша элибизде мамлекет тууралуу пикир калыптанып, бийлик органдарына баа берилип жатат. Демек, милиция кызматкерлери элге душман болбой, тескерисинче, элибиз менен кызматташып, биргеликте кылмыштуулук менен күрөшүп, ар дайым мыйзамдын, тартиптин, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарынын сакчылыгында турууга милдеттүү. Бул иш-аракеттер ийгиликтүү болуш үчүн элдин арасындагы тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүп, алардын сапатын жогорулатыш керек.
Урматтуу милиция кызматкерлери!
Акыркы жылдары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо багытында бир катар чаралар көрүлүүдө. Айлык акылар жогорулатылып, көп кабаттуу үйлөр курулууда, Ички иштер министрлигин каржылоого олуттуу каражаттар бөлүнө баштады. Мамлекет милиция кызматкерлерин ар дайым колдойт. Сиздер дагы мамлекет алдындагы милдетиңиздерди татыктуу өтөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүүсүздөр.
Сиздердин негизги милдетиңиздер - мамлекет жана эл үчүн кызмат өтөө. Ошондуктан ишиңиздердин негизги көрсөткүчү - элдин ишеними. Бардык күч-аракетти, билимди жана жөндөмдүүлүктү элдин ишенимин арттырууга жумшашыңыздар керек.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка, коррупцияга жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча алдыңыздарда өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турат. Мындай жооптуу иш сиздерден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат.
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргызстан эли тынчтыкта жана бейпилдикте өнүгүп, өсө берсин!”