Асылбек Жээнбеков өлкөдө салттуу динди колдоо зарылчылыгын айтты

Кыргызстандагы коопсуздукту камсыздоо үчүн салттуу динди колдоого алуу зарыл. Муну 3-ноябрдагы Коргоо кеңешинин жыйынында парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков билдирди. Диний билим берүү мамлекеттик стандарттарга шайкеш келиши керектигин айткан спикер "Бир дагы өспүрүм светтик билим берүүдөн тышкары калбашы керек. Дин мамлекеттин өнүгүшүн кечеңдетип коюшу мүмкүн экенин тарыхтан көрсөк болот" деп билдирди. Диний билим берүү менен катар илимге да жетиштүү көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады Жээнбеков. 
Айта кетсек, кеңештин бүгүнкү отурумунда өлкөдөгү диний кырдаал жана чек ара маселеси каралууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан