Якутияда жасалма миграциялык карталарды сатып жүргөн кыргызстандык аял кармалды

Якутияда чет элдик жарандарга жасалма миграциялык карта саткан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.  

Маалым болгондой, кыргызстандык айым Орусиянын жараны менен бирге фотошоп программасы аркылуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара жана текшерүүчү пункттардын мөөрүн жасап, миграциялык карталарды сатуу менен алектенишчү. Учурда Якутияда алардын кызматынан колдонгон 17 чет элдик жаран кармалган. Алар Якутиянын аймагынан чыгарылганы белгилүү.

Кылмышка шектүү эки аял камакка алынып, аларга карата "документ жасоо" жана "мыйзамсыз миграция уюштуруу" деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан