Эльвира Сариева көзөмөлдөгөн органдардын экөөсү гана жылдык планды толук аткарганы айтылды

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева көзөмөлдөгөн министрлик, мекемелердин экөөсү гана 2014-жылдын иш планын толук аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда вице-премьер өзү өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл Социалдык өнүгүү министрлиги жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги иш планын толук аткарган. "Иш планды начар аткарган мекемелерге жетекчилиги улам-улам алмашкан министрликтер кирет. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги иш планынын 40 пайызын аткарган жок",- деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан