Президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге 2014-жылы жасалган олуттуу иштерди атады. Президент маалымат жыйынды Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкканы тууралуу маалымат берүү менен баштады. "Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча, Кыргызстан быйыл жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкты. Мындан тышкары быйыл өлкөдө митингдердин, нааразычылык акцияларынын саны 3 эсеге кыскарып, мамлекет туруктуу өнүгүүгө багыт алды. Дагы бир маанилүү иш - "Түндүк-түштүк" кошумча унаа жолунун курулушу башталганы. Бул жол жарандар үчүн коопсуз жол болгону турат",- деди президент.
Мамлекет башчы быйыл өлкөдө 7 миллиард долларлык 24 улуттук долбоор башталганын кошумчалап, мунун ичине Жогорку Нарын ГЭС каскады, "Датка" көмөк чордону, "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу иштерин кошту.