Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган министрлер тоодон лыжа тебишти (фото)

Кечээ, 8-февралда "Чуңкурчак" лыжа базасында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган министрлер, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана кызматкерлери лыжа тебүү акциясына катышышты. 
Оторбаев 15 жылдан бери лыжа тебүү менен алектенерин жана үй-бүлөсү кышкы спортко жакын экенин билдирди. "Өлкөнүн өнүгүүсү бир гана экономиканын өсүшү менен бааланбай, калктын жашоосунун сапаты менен да бааланат. Жыл сайын Кыргызстан бир топ каражатты оорулууларды дарылоого сарптайт эмеспи. Мындан улам оорулардын алдын алууга көбүрөөк көңүл буруп, салымыбызды кошконубуз туура",- деди өкмөт жетекчиси.
Иш-чара слалом (трассадагы желектерди айланып, тезирээк финишке жетүү) жана аркан тартыш боюнча 2 мелдештен турду. Слалом эркектер жана айымдардын ортосунда болду. Мелдештердин мыктылары баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан