Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр февралда Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү
Курбанбай Искандаров билдирди.
"Акыркы сүйлөшүүлөр январда Тажикстанда өткөн, эми бизде өтүшү керек. Кайсы деңгээлдеги жолугушуу болорун тактап жатабыз",- деген өкмөт өкүлү жолугушуулардын негизги темасына токтолду.
"Архивдик материалдардын үстүнөн иштеп жатабыз. Ар бир маалымат дыкат иликтенүүдө, алдыга жылыштар бар. Сүйлөшүүлөр өткөндөн кийин вице-премьер-министрлердин деңгээлинде жолугушуу болмокчу. Жакында 4 кишиден турган делегация Литвага барып, жыйынга катышып келдик. Прибалтика өлкөлөрү чек арасын кантип такташканы боюнча маалымат алдык, анын керектүү жактарын бизде да пайдаланалы деп жатабыз",- деди Искандаров.