Кыз ала качкандардын иши сотко өттү

2015-жылдын декабрь айында милиция кызматкерлерине Лебединовка айылынын 20 жаштагы Керээз аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 21-декабрь күнү үйүнүн жанынан белгисиз адамдар күч колдонуу менен унаага салып, Кочкор районуна ала качып барышканын жана Мирлан аттуу жигитке турмушка чыгууга мажбурлашканын айткан. Кылмышка шектүү 23 жаштагы Мирлан өз көрсөтмөсүндө кыз менен тааныш эместигин, аны сыртынан байкап, көптөн бери жактырып жүргөнүн айткан. Ошол себептен улам жабырлануучуну Кочкорго ала качып, ага үйлөнгүсү келгенин билдирген.
Комментарийлер (5)
s9zen098
2016-03-03 19:35:46
Ырас болуптур. Малга окшоп эле сүйрөп кете бергендердин да аягы бир аз болсо да тыйылат.
+1
Jantaev
2016-03-03 21:22:24
Кыз никеге турбай койгондо уйуно алык келиптир.Менимче кыз сотко бербей эле койсо болмок.
-1
Zahide
2016-03-05 04:09:30
Jantaev, ewe kak berish kerek. Moraldyk chygym da tolotush kerek
0
hann
2016-03-06 10:10:23
Кыз ала качуу кылмыш дегенден бери кыргыз кыздарынын арасында карадалы кыздарыбыз кобойгону аз келгенсип, демократия деп ар башка элдин уй булосу болуп кетип жатып кыргыз жигиттери андай анан мындай деп, сын айтып кетишет дагы кайра эле торкундорун коздой качып келишет алдандын, арбалдым кыргызымдан отоор эч ким жок деп. Ал эми коздорун кызартып, оозун насывайга толтуруп, тамекини кычайта тиштеп алып кочодо чайпала баскан карадалы кыздар жигиттерге сын айтабы...
0
hann
2016-03-06 10:26:27
Ой бооойййй миллиондорду уурдап, жаш кыздарды кордогон мал чалыштар уй камагына чыгарылып акыры акталып кетип жатышат, ал эми буларга окшогон жаш балдар оз укуктарын жана жоопкерчиликтерин алдын ала билбестиктин айынан 5-7жылга отуруп жатышат... Кайда баратабыз...
0
Автор : Бекжан Рыскулов
Оператор : Темир Абиров
2015-жылдын декабрь айында милиция кызматкерлерине Лебединовка айылынын 20 жаштагы Керээз аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 21-декабрь күнү үйүнүн жанынан белгисиз адамдар күч колдонуу менен унаага салып, Кочкор районуна ала качып барышканын жана Мирлан аттуу жигитке турмушка чыгууга мажбурлашканын айткан. Кылмышка шектүү 23 жаштагы Мирлан өз көрсөтмөсүндө кыз менен тааныш эместигин, аны сыртынан байкап, көптөн бери жактырып жүргөнүн айткан. Ошол себептен улам жабырлануучуну Кочкорго ала качып, ага үйлөнгүсү келгенин билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан