Ушул жылдын 4-май күнү кечки саат 22:00 чамасында Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын 7-кичи районундагы курулуп жаткан имараттардын биринде кылмыш болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Оперативдүү иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, канга боёлуп жаткан 1975-жылы туулган Бактыяр Бексултановду көрүшкөн. Ал бутунан жаракат алып, кан көп кеткендиктен ошол эле жерден жан берген. Ал эми анын өлүмүнө шектелип маркумдун досу кармалган. Учурда кылмышка шектүү 2 айга камалып,тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Автор : Илимбек Туратбек улуу
Оператор : Кайрат Сарбагышов