Бүгүн түндө белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын инисин өз үйүнөн атып кетишти. Атылган октон 1975-жылы туулган Улан Салянов ооруканага жетип каза болгон. Милициянын берген маалыматына ылайык кол салуу түнкү саат 1 жарым чамасында Чүй облусунун Көк-Жар жаңы конушундагы үйүндө катталган. Белгисиз бет капчан 3 кылмышкер маркумдун үйүнө кирип келип, эки жолу ок чыгарып, ак түстөгү минивэн менен качып кетишкен.
Автор : Илимбек Туратбек уулу
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу