Бүгүн, 17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдырахматова Ош, Токмок, Каракол шаарларында шайлоочулардын тизмеси тууралуу таң калычтуу окуялар уланып жатканын жеке баракчасына жазган. Мындан тышкары ал бүгүн саат 14:00дө бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында жыйын өтөрүн жарыялаган. Бул убакытка журналисттер да жыйынга катышуу үчүн келишкен. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы да, башка кызматкерлер да жумушчу жыйын жабык болорун билдиришти.
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Элчибек Кыштообаев