10- Июль 1960 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева туулган
V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1980-жылы комсомолдун Калинин райкомунда бухгалтерликтен баштаган. 1984-жылдан тартып – Калинин “Союзпечать” райагенттигинде бухгалтер, анда он жылга жакын иштеген. 1995-жылы авиаташуулар менен алектенген “Асман-Тур” туристтик компаниясын уюштурган.
2007-жылдын ноябрынан тартып 2010-жылдын апрелине чейин - IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 2010-жылдын октябрында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2015-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутат болгон. Ажырашкан, 2 баласы бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан