7- Май 1928 -жылы Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы Кыргыз Алфавитинин Борбордук Комитети жыйын өткөргөн
Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы Кыргыз Алфавитинин Борбордук Комитети жыйын өткөргөн. Жыйында "Жаңы алфавит менен басыла турган журнал чыгаруу" маселеси талкууланган. Жыйынга төрагалык кылган Касым Тыныстанов билдирүү жасап, жаңы журнал жана анын максат, милдеттери туурасында түшүнүк берген. Жыйын соңунда беш пункттан турган чечим кабыл алынып, журналды чыгаруу зарылчылыгы белгиленген. Журнал "Жаңы маданият жолунда" аталып, аны ай сайын үч басма табак көлөмүндө жарыялоо туурасында бир чечимге келишкен. "Жаңы маданият жолунда" журналдын жооптуу редакторлугуна К.Тыныстанов дайындалып, редакциялык коллегия Т.Жолдошев, Б.Ысакеевден куралган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан