11- Июнь 1994 -жылы Бишкек шаардык бийлигинин чечими менен борбордо чукул санитардык абал киргизилген
Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан кийинки кезектеги оор сыноо 1994-жылдын жай айында башталган. Айрыкча борбор шаарда башаламан базар алааматы каптап, акыр-чикирлер көчөгө төгүлүп, санитардык абал кескин начарлаган. Анын натыйжасында, борбор шаарда ич келте, дизентерия сыяктуу жугуштуу оорулар күч алган. Бишкек шаардык бийлигинин 1994-жылдын 11-июнь күнкү чечимине ылайык, борбордо чукул санитардык абал киргизилген. Шаардык бийликтин чечимине ылайык, ылдам бузула турган тамак-аштарды көчө каптаган базарларда сатууга тыюу салынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан