11- Июнь 2010 -жылы Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген
Улуттар аралык кагылыш күчөп кеткендиктен, түнкү саат экиде Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген.
Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган. Өзбек улутундагылар көп жашаган айылдардагы жашоочулар борбордук көчөнү бууп алышкан.
12-июнда "башаламандыкка Өзбекстандын куралдуу күчтөрү аралашты" деген айыңдар тараган. Июнь коогалаңында чогулгандар баррикадаларды тургузуп, Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда өтүп бара жаткан унааларга ок чыгарышкан. Алар машиналар тайгалансын деп асфальт жолго мазут төгүп салышкан. Жыйынтыгында 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгону айтылган. 9 машина өрттөлгөнү маалым болгон. Анын ичинде Кыргыз-Өзбек университетин өрттөөгө аракет кылышкан.
13-июнда айылдарга чабуулдар улантылганы менен барымтага алуу, зомбулук көрсөтүү азайган.
14-июнда Ош шаарында жаңжал басаңдай баштаган. Ал эми Жалал-Абадда 15-июнь күнү абал турукташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан