Леонардо ди сер Пьеро да Винчи (италиянча: Leonardo di ser Piero da Vinci) Винчи шаарчасына жакын жерде жайгашкан Анкиано кыштагында туулган. Ал Италиялык улуу сүрөтчү ошондой эле живописчи, скульптор, архитектор жана анатом, математик, физик болгон. Аны көптөрү ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу (универсалдуу) илимпозу, италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей, же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай Таала тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн.
Верроккьо кесипканасы Италиянын интелектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан. Ал жерде Леонардо алгачкы же башталгыч эмгектерин жараткан. Ошондой эле билимдин очогу болгондуктан, техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Мисалы ал чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш мастер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган. Аталган кесипканада белгилүү мастерлер: Гирландайо, Перуджино, Боттичелли жана Лоренцо ди Кредилер кез-кези менен келип турушкан. Леонардо Да Винчи 1473-жылы 20 жаш курагында, мастер Гильдин Лукинин квалификациясын алат. Бул ал үчүн абдан чоң жетишкендик болгон.
24 жашында Леонардо жана анын үч жолдошу жалган анималдуу сүрөттөрү үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Бирок анын Флоренцияда белгилүү кесипканасы бар экени жашыруун эмес (1476-1481-жж). Ошол жерде күн өткөрүп, улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштайт.
1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардонун өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) Леонардонун элге билинбеген дагы бир талантын эске алган. Ал эң жакшы ырдай алган.
Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Леонардону жалаң ак сөөктөр чакыртып, сарайында иштетип калышкан. Падышалардын акчасын соргон Леонардо 1516-жылы Франциянын падышасынын чакырыгы менен Кло-Люсе имаратына барып өмүрүнүн акыркы 3 жылын окуучусу Франческо Мельци менен өткөргөн. Ошентип Францияда жашоо кечип калган атактуу сүрөтчү ал жерде сүрөт тартпай калат. Амбуазеде үч жыл жашаган соң 67 жаштагы Леонардо ооруп төшөккө жатып калат. 1519-жылы 23-апрелде аны тегеректеген окуучуларынын жана көптөгөн жакын адамдарынын карамагында курман болот. Вазаринин айтымына караганда улуу сүрөтчүнү өзүнүн жакын досу, падыша Франциска I өлтүрткөнүн кабарлайт. Леонардо да Винчинин сөөгү Амбауз имаратына коюлган. Таштын бетинде: "Бул монастырдын дубалында улуу сүрөтчү, инженер Леонардо да Винчинин жансыз денеси жатат", - деп жазылган эстелик ташы дубалга илинип коюлган.
Леонардонун мураскери окуучусу Франческо Мельци болгон. Ага акчадан тышкары анын картинкалары, инструменттери, китепканасы жана башка буюмдары калган.